КОНЦЕНТРАЦИЯ
КОНЦЕНТРА́ЦИЯ (лат. concentratio – чогулуу, жыйналуу) – эритменин же эриткичтин белгилүү көлөмүндөгү эриген заттын өлчөмү. К-ны туюнтуунун бир нече ыкмасы бар: көлөмдүк, массалык, молдук, молялдык, проценттик. Көлөмдүк К. берилген компоненттин көлөмүнүн системанын жалпы көлөмүнө же массасына болгон катышын билгизет да, кг/м3, кг/m бирдиктери м-н ченелет. Молдук К. – 1 л эритмеде эриген заттын молдук саны м-н туюнтулуп, моль/л бирдиги м-н ченелет. Молялдык К. 1 кг эриткичтеги эриген заттын молдук санын билгизет (моль/кг). Проценттик К. (%) 100 г эритмеде эриген заттын граммы, Анализ химиясында К-ны көбүнчө нормалдуу ж-а титр м-н туюнтат. Нормалдуу К. – 1 л эритмеде эриген заттын г-экв, ал эми титр болсо, 1 мл эритмедеги эриген заттын граммы м-н өлчөнөт (г/мл). Эл аралык бирдик системасы (СИ) б-ча К. массалык ж-а молдук үлүш б-ча гана туюнтулат.