КОНЦЕНТРАЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНЦЕНТРА́ЦИЯ (лат. concentratio – чогулуу, жыйналуу) – эритменин же эриткичтин белгилүү көлөмүндөгү эриген заттын өлчөмү. Концентрацияны туюнтуунун бир нече ыкмасы бар: көлөмдүк, массалык, молдук, молялдык, проценттик. Көлөмдүк концентрация берилген компоненттин көлөмүнүн системанын жалпы көлөмүнө же массасына болгон катышын билгизет да, кг/м3, кг/m бирдиктери м-н ченелет. Молдук концентрация – 1 л эритмеде эриген заттын молдук саны м-н туюнтулуп, моль/л бирдиги м-н ченелет. Молялдык концентрация 1 кг эриткичтеги эриген заттын молдук санын билгизет (моль/кг). Проценттик концентрация (%) 100 г эритмеде эриген заттын граммы, анализ химиясында концентрацияны көбүнчө нормалдуу ж-а титр м-н туюнтат. Нормалдуу концентрация – 1 л эритмеде эриген заттын г-экв, ал эми титр болсо, 1 мл эритмедеги эри­ген заттын граммы м-н өлчөнөт (г/мл). Эл ара­лык бирдик системасы (СИ) боюнча концентрация массалык ж-а молдук үлүш боюнча гана туюнтулат.