КОНУШ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
14:23, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНУШ – эл көчүп келип, коно турган жер. Көчмөнчүлүк турмушта пайда болгон. Үй ээси, айыл билермандары көч келгенге чейин төрт түлүк малга жайыттуу, боз үй тигүүгө оңтой­луу, коңшу айыл м-н катташууга ыңгайлуу, мал түнөтүүгө жайлуу, отун-суусу жакын түзөңчө жер издешип, К. чалышкан. Андан соң ыла­йыктуу орунга көчтү түшүрүшкөн. К. алгандар­га келген мейман «Конушуңар жайлуу болсун» деп кайрылган. Эл көчүп кеткенден кийин ээн калган К. журт деп аталган.