КОНУШ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНУШ – эл көчүп келип, коно турган жер. Көчмөнчүлүк турмушта пайда болгон. Үй ээси, айыл билермандары көч келгенге чейин төрт түлүк малга жайыттуу, боз үй тигүүгө оңтой­луу, коңшу айыл менен катташууга ыңгайлуу, мал түнөтүүгө жайлуу, отун-суусу жакын түзөңчө жер издешип, конуш чалышкан. Андан соң ыла­йыктуу орунга көчтү түшүрүшкөн. Конуш алгандар­га келген мейман «Конушуңар жайлуу болсун» деп кайрылган. Эл көчүп кеткенден кийин ээн калган конуш журт деп аталган.