КУРЧОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУРЧОО (согушта) – душман топторун башка аскерлеринен ажыратып, талкалоо же туткундоо. К. душмандын коргонуусун фронттун бир нече участкасынан бузуп кирип, кошулуу багытында чабуулду күчөтүү менен ишке ашырылат. Анын натыйжасында душмандын К-догу топторун башка аскерлеринен ажыратуучу сырткы фронт жана туташ ички фронт түзүлөт. К. чегинген душмандын артынан түшүүдө, контр чабуул убагында ж. б. учурларда жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Улуу Ата Мекендик согушта (1941–45) сов. аскерлер Сталинград салгылашында (1942–43), Яссы – Кишинёв (1944), Берлин (1945) ж. б. операцияларында душмандын эң ири топторун К-го алып талкалаган.