КУРСОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУРСОР - компьютер экранында кандайдыр бир образды (жебече, таякча, сѳѳмѳйдүн элеси ж. б.) алып жүрүүчү кыймылдуу объект (сѳлѳкѳт). К. кызматына жараша түрдүүчѳ болот. «Чычкан» К-у - графикалык чѳйрѳдѳ жебече түрүндѳ кѳрсѳтүлѳт. Абдан кыймылдуу, аткарылуучу жумушуна жараша ѳзгѳрүлүп турат. Мис., программа ишке кийрилип же жүктѳлүп жаткан учурларда кум сааты, текстти редакциялоодо таякча түрүндѳ болот. Ал эми объекттерди (сүрѳт, чийме ж. б.) кѳрсѳтүү, белгилѳѳ, жылдыруу учурунда жебечеге айланат. Экран К-у - «чычкан» К-унун аракети аркылуу белгиленген тѳрт бурчтуу түстүү так (кара, кѳк ж. б.). К-дун мындай форманы алышы «объект белгиленди» дегенди билгизет да, колдонуучунун аракетин күтѳт. Колдонмо программалардын жумушчу К-у – колдонмо программалардын максатына жараша түрдүү формада (мис., сүрѳт тартуучу редактордо кыл калем же карандаш) болот.