КУРСОР
КУРСОР - компьютер экранында кандайдыр бир образды (жебече, таякча, сѳѳмѳйдүн элеси ж. б.) алып жүрүүчү кыймылдуу объект (сѳлѳкѳт). Курсор кызматына жараша түрдүүчѳ болот. «Чычкан» курсору - графикалык чѳйрѳдѳ жебече түрүндѳ кѳрсѳтүлѳт. Абдан кыймылдуу, аткарылуучу жумушуна жараша ѳзгѳрүлүп турат. Мисалы, программа ишке киргизилип же жүктѳлүп жаткан учурларда кум сааты, текстти редакциялоодо таякча түрүндѳ болот. Ал эми объекттерди (сүрѳт, чийме ж. б.) кѳрсѳтүү, белгилѳѳ, жылдыруу учурунда жебечеге айланат. Экран курсору - «чычкан» курсорунун аракети аркылуу белгиленген тѳрт бурчтуу түстүү так (кара, кѳк ж. б.). Курсордун мындай форманы алышы «объект белгиленди» дегенди билгизет да, колдонуучунун аракетин күтѳт. Колдонмо программалардын жумушчу курсору – колдонмо программалардын максатына жараша түрдүү формада (мисалы, сүрѳт тартуучу редактордо кыл калем же карандаш) болот.