КУРОЧКИН Ефрем Георгиевич
КУРОЧКИН !Ефрем Георгиевич (21. 1. 1921-ж. т., Каракол ш.) - гвардиянын улук сержанты, Сов.Союз. Баатыры (1944). 1940-жылдан Сов. Армия-да. 1941-жылдын июлунан Улуу Ата Мекендик согушта башкы командованиенин резервиндеги Кызыл-Туулуу 220-танкага каршы гвардиялык

артиллериялык полктун 217-аткычтар дивизиясынын 5-батареясында замбирек командири. Беларуссиянын Бобруйск ш-н, Пуховичи, Вейшин жерлерин, Рундени т. ж. станциясын бошотушкан. Узляны кыш-ндагы салгылашта ѳзгѳчѳ эрдик кѳрсѳтуп, душмандын 6 контр чабуулунун мизин кайтарышкан, 400дѳн ашуун гитлерчини ѳлтуруп, 50 солдат менен офицерин туткундаган, 10 пулемёт, 2 миномёт жана артиллериялык установканы жок кылып, Польшаны душмандан тазалоого катышкан. Согуштан кийин Жети-Ѳгүз р-нундагы «Үлгү» к-зунда иштеген. Ленин, 1-даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери менен сыйланган. Айылындагы жашаган үйунѳ мемориалдык такта орнотулган.
КУРС (лат. cursus - чуркоо, кыймыл) - I) баалуу кагаздар сатылуучу жана сатып алынуучубаа; 2) бир ѳлкѳнүн акча бирдигинин экинчи ѳлкѳнүн акча бирдиги менен чагылдырылышы; 3) аракеттердин багыты жана образы.
КУРСАК БУТТУУЛАР, ү л ү л д ѳ р (Gastro-poda) - раковиналуу молюскалардын саны ѳтѳ кѳп жана ар түрдүү классы. Денеси ассиметриялуу, баш жана тулкудан турат. Башында оозу, 1-2 тинтүүрү, алардын учунда же түбүндѳ кѳздѳрү жайгашкан. Оозунда 2-17 миңге чейин майда тиши бар. Боору менен жылат, жалпак курсагы буттун кызматын аткарат. Коркунучту сезгенде, денесин раковинага катып алат. Раковинасынын формасы конустай, чыгырыктай, жалпак табактай. Сууда жашоочулары бакалоору менен, кургактагылары ѳпкѳсү менен дем алат. Нерв түйүндѳрү диффузия - түйүндүү типте. Тең салмагын кармай турган жана хим. затты сезгич органдары бар. Айрым жыныстуу же гермафродиттер. Уруктануусу ички, гермафродиттердики кайчылаш ѳтѳт. Ѳѳрчүүсү түз же планктондук личинка стадиясы аркылуу жүрѳт. Үч классчасы (алдынкы бакалоордуулар, арткы бакалоордуулар жана ѳпкѳлүүлѳр), 90 миңдей түрү бүт жер жүзүнѳ тараган. КМШ ѳлкѳлѳрүндѳ 2000дей түрү бар, тропик деңиз жээктеринде кѳп кезигет. Кургакта, тузсуз сууда жашагандары боору менен жылат, бир азы басат, деңизде жашоочулары сүзүп жана секирип жүрүшѳт. Кээ бир деңизде жашоочу түрү уулуу. Кѳпчүлүк континенттик түрлѳрү гельминттердин аралык ээси болуп эсептелет. Ѳсүмдүк жечүлѳрү, жырткыч жана мителери да бар.