КУРОЧКИН Ефрем Георгиевич
КУРОЧКИН Ефрем Георгиевич [21. 01. 1921, РСФСР, Түркстан АССРи, Жети-Суу (азыркы Ысык-Көл) облусу, Пржевальск уезди, Пржевальск (азыркы Каракол) шаары – 13. 06. 1986, СССР, Кыргыз ССРи, Ысык-Көл облусу, Пржевальск шаары) – Советтер Союзунун Баатыры (1944). Кызыл Армиянын катарына 1940-жылы чакырылып, алгач Совет Финляндия согушуна (1939–1940), андан кийин Улуу Ата Мекендик согушка (1941–1945) 1941-жылдын июль айынан кирген.

Гвардиянын сержанты Е. Курочкин Батыш, Брянск, Воронеж, Түштүк-Батыш, Беларус, ошондой эле 1-чи, 2-чи жана 3-чи Беларус фронтторунда 48-армиясынын 220-гвардиялык танкка каршы артиллериялык полкунда кызмат өтөп, Белоруссияны бошотууда төрт жолу жарадар болгон. 1944-жылы 4-июлда Узляны (Минск облусу) кыштагынын жанындагы салгылашууда анын батареясы душмандын алты жолку чабуулунун мизин кайтарып, 100дөн ашык солдаттар жана офицерлерди жок кылышкан. Бул эрдиги үчүн 22. 08. 1944-жылы Алтын жылдыз медалы (№ 3092) менен сыйланган. Польшаны бошотууга катышып, согуштан кийин Жети-Өгүз районундагы «Үлгү» колхозунда иштеген. Ленин, 1-даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери менен сыйланган. Айылындагы жашаган үйунѳ мемориалдык такта орнотулган.
Ад.: Алымкулов Н. А. Кыргызстанцы – герои Советского Союза и полные кавалеры Ордена Славы: новые факты, имена. Б., 2025.