КУРБЕ
КУРБЕ́ Жан Дезире Гюстав (10. 6. 1819, Орнан – 31.12. 1877, Швейцария, Ла-Тур-де-Пельз) – француз живописчиси. Орнанда, Безансондо, Парижде окуган. Турмуш чындыгын даана чагылдырган романтикалуу, колоритке каныккан алгачкы эмгектери («Мүштөкчөн автопортрет», 1846–47, Монполье; «Булгаары курлуу адам», 1849, Лувр) К-ни реалист катары тааныткан. 1848–49-жылдагы рев-я таасири менен демокр. багыттагы сүрөттөрдү («Таш талкалоочулар», 1849–50, сакталган эмес; «Орнандагы өлүк көмүү», 1850, сакталган эмес; «Ателье», 1855, экөө тең ОРСЕ музейи ж. б.) тартып француз реалисттик живописинин баштоочусу катары таанылган. Иск-водогу жалганчылыкка каршы күрөшүп, демократиялуу коомчулуктун колдоосуна ээ болгон. «Бугулар баш маанеги» (1860, Лувр), «Бретань жээктериндеги деңиз» (Сүрөт иск-во музейи) өңдүү эң сонун пейзаждарды жараткан.
К.–Париж коммунасынын көрүнүктүү өкүлү.

Г. Курбе. «Сенанын жээгиндеги кыздар», 1856–57. Пти-Пале музейи. Париж.
Коммуна кулагандан кийин камалып, акчалай айыпка жыгылган. 1873-ж. Швейцарияга качып барып, өмүрүнүн акыркы жылдарын ошол жерде өткөргөн.
Ад.: Тихомиров А. Н. Г. Курбе. М., 1965; Калитина Н. Н. Г. Курбе: Очерк жизни и творчества. М., 1981.