КУНАСТАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУНАСТАР (Ciconndae) – куштардын кунас сымалдар түркүмүндөгү тукуму. Дене уз. 76– 152 см, салмагы 4 кгга жетет. Тумшугу узун же ийилген. Канаты узун, жазы, үн чыгаруучу бул­чуңдары жок болгондуктан, айрым түрү үн чыгаралбайт. 11 уруусу, 17 түрү тропик, субтропик

Кунастар: 1 – ак кунас; 2 – кара кунас.

жана мелүүн алкактарда таралган. КМШ өлкөлөрүндө 3 түрү (кара, ак жана кара тумшук К.) бар. Ак К-дын салмагы 4 кгга жетет. Буту, тумшугу узун, жүнү ак, чалгындары кара. Алар Европа, Япония, Борб. Азия ж. б. кездешет. Туруктуу түгөй күтөт. Ачык жерде, дарак, аска, жар, үй чатырларына диаметри 1–2 м уя салып, 3–5 жумуртка тууп, 1 айга экөөлөп басат. Алар уялагандан кийин көбүнчө топко чогулат. Бака, кескелдирик, чычкан, курт-кумурскалар ж. б. менен азыктанат. Келгин куш. Борб. жана Түш. Аф­рика, Түш.-Батыш Азия жана Батыш Кытайда кыштайт. Нымдуу шалбаада, сазда азыгын из­дейт. Азайып кеткендиктен, коргоого алынган.