КУНАСТАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУНАСТАР (Ciconndae) – куштардын кунас сымалдар түркүмүндөгү тукуму. Дене узундугу 76–152 см, салмагы 4 кгга жетет. Тумшугу узун же ийилген. Канаты узун, жазы, үн чыгаруучу бул­чуңдары жок болгондуктан, айрым түрү үн чыгаралбайт. 11 уруусу, 17 түрү тропик, субтропик

Кунастар: 1 – ак кунас; 2 – кара кунас.

жана мелүүн алкактарда таралган. КМШ өлкөлөрүндө 3 түрү (кара, ак жана кара тумшук кунастар) бар. Ак кунастардын салмагы 4 кгга жетет. Буту, тумшугу узун, жүнү ак, чалгындары кара. Алар Европа, Япония, Борбордук Азия ж. б. кездешет. Туруктуу түгөй күтөт. Ачык жерде, дарак, аска, жар, үй чатырларына диаметри 1–2 м уя салып, 3–5 жумуртка тууп, 1 айга экөөлөп басат. Алар уялагандан кийин көбүнчө топко чогулат. Бака, кескелдирик, чычкан, курт-кумурскалар ж. б. менен азыктанат. Келгин куш. Борбордук жана Түштүк Аф­рика, Түштүк-Батыш Азия жана Батыш Кытайда кыштайт. Нымдуу шалбаада, сазда азыгын из­дейт. Азайып кеткендиктен, коргоого алынган.