КУМДУУ-САЙ ЭСТЕЛИКТЕРИ
КУМДУУ-САЙ ЭСТЕЛИКТЕРИ – 6–10-к-га таандык. Соң-Көлдүн чыгыш жээгиндеги Кумдуу-Сай деген жерден табылган. Боз граниттин жалпак бетине монголоид тибиндеги кишинин элеси чегилген. Башы үч мүйүздүү, баш кийим кийгенсип турат. Сайдын тектирлеринде эрте темир дооруна жана о. кылымдарга таандык көрүстөндөр жайгашкан. Археолог Я. А. Шер изилдеген.