КУМДУУ-САЙ ЭСТЕЛИКТЕРИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУМДУУ-САЙ ЭСТЕЛИКТЕРИ – VI–X кылымдарга таандык. Соң-Көлдүн чыгыш жээгиндеги Кумдуу-Сай деген жерден табылган. Боз граниттин жалпак бетине монголоид тибиндеги кишинин элеси чегилген. Башы үч мүйүздүү, баш кийим кийгенсип турат. Сайдын тектирлеринде эрте темир дооруна жана орто кылымдарга таандык көрүстөндөр жайгашкан. Археолог Я. А. Шер изилдеген.