КУМДАК ТОПУРАК
КУМДАК ТОПУРАК – мех. курамында өлчөмү 0,01 ммден кичине бөлүкчөлөрү 10%тен кем (калган бөлүгү кум) болгон топурак. Чиринди азык заттары аз, ным сиңиримдүүлүгү начар, бирок сууну жакшы өткөрөт жана тузсуз келет. К. т. Кырг-нда көп кездешет. Токой жа бадал өсүмдүктөрүн өстүрүүгө болот.