КУМДАК ТОПУРАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУМДАК ТОПУРАК – механикалык курамында өлчөмү 0,01 ммден кичине бөлүкчөлөрү 10%тен кем (кал­ган бөлүгү кум) болгон топурак. Чиринди азык заттары аз, ным сиңиримдүүлүгү начар, бирок сууну жакшы өткөрөт жана тузсуз келет. Кумдак топурак Кыргызстанда көп кездешет. Токой ж­а бадал өсүмдүктөрүн өстүрүүгө болот.