КУЛОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:42, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУЛОВ Феликс Шаршенбаевич (29. 10. 1948- ж. т., Бишкек) – мамл. ишмер, милициянын генерал-лейтенанты (1997). СССР ИИМдин Омск жогорку мектебин (1971), СССР ИИМдин академиясын (1978) бүткөн. 1966–71-ж. Бишкек шаардык моторлоштурулган өзгөчө взводдо милиционер, 1971–78-ж. Кырг-н ИИМдин Кылмыш издөө башкармасынын баңги затка каршы күрөшүү бөлүмүндө инспектор, 1978-жылдан начальник, 1980-ж. Талас обл. ички иштер башкармасында начальниктин орун басары, 1984-жылдан начальник, 1987–91-ж. Кыргыз ССР Ички иштер министринин 1-орун басары, 1991-жылдан

ички иштер министри, 1992–93-ж. КРдин вице-президенти, 1993–97-ж. Чүй

обл. мамл. администрациясынын башчысы, 1997–98-ж. КРдин Улуттук коопсуздук министри, 1998–99-ж. Бишкек шаардык жерг. өз алдынча башкаруусунун башчысы – мэри, 2005-жылдын 16-май айынан 20-июнга чейин КРдин 1-вице премьер-министринин милдетин аткаруучу, 2005-жылдын 15-август айынан 2-сентябрга чейин КРдин премьер-министринин милдетин аткаруучу, КРдин премьер-министри болуп иштеген. КР Жогорку Кеңешинин депутаты (1990–95; 2010-жылдан). «Ардак Белгиси» ордени, медалдар менен сыйланган. 0