КУЛОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУЛОВ Феликс Шаршенбаевич (29. 10. 1948, СССР, Кыргыз ССРи, Фрунзе шаары) – мамлекеттик ишмер, милициянын генерал-лейтенанты (1997). СССР Ички Иштер министрлигинин Омск жогорку мектебин (1971), СССР ИИМдин академиясын (1978) бүтүргөн. 1966–1971-жылдары Фрунзе шаардык моторлоштурулган өзгөчө взводдо милиционер, 1971–1978-ж. Кыргыз ССР ИИМдин Кылмыш издөө башкармасынын баңги затка каршы күрөшүү бөлүмүндө инспектор, 1978-жылдан начальник, 1980-жылдан Талас облустук ички иштер башкармалыгында начальниктин орун басары, 1984-жылдан начальник, 1987–1991-жылдары Кыргыз ССР Ички иштер министринин 1-орун басары, 1991-жылдан

ички иштер министри, 1992–1993-жылдары Кыргыз Республикасынын вице-президенти, 1993–1997-жылдары Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы, 1997–1998-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук министри, 1998–1999-жылдары Бишкек шаардык жергиилктүү өз алдынча башкаруусунун башчысы – мэри, 2005-жылдын 16-май айынан 20-июнга чейин КРдин 1-вице премьер-министринин милдетин аткаруучу, 2005-жылдын 15-август айынан 2-сентябрга чейин КРдин премьер-министринин милдетин аткаруучу, КРдин премьер-министри болуп иштеген. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (1990–95; 2010-жылдан). «Ардак Белгиси» ордени, медалдар менен сыйланган.