КЕРЧЬ ЖАРЫМ АРАЛЫ
КЕРЧЬ ЖАРЫМ АРАЛЫ – Крым жарым аралынын чыгыш бөлүгү. Түндүгүнөн Азов, түштүгүнөн Кара деңиздери, чыгышынан Керчь кысыгы м-н чулганат. Аянты 3 миң км2. Түндүк-чыгышы дөбө-дөңсөөлүү (бийиктиги 190 мге чейин), түштүк-батышы түзөң. Баткак жанартоолору, Керчь темир бассейни бар. Ири шаары ж-а порту – Керчь. Көп бөлүгү айдоо, анда дан, техникалык ж-а бакча өсүмдүктөрү, жүзүм өстүрүлөт. Жарым аралды б. з. ч. 5-кылымдан б. з-дын 4-кылымына чейин Боспор мамлекети ээлеген.