КЕРЧЬ ЖАРЫМ АРАЛЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕРЧЬ ЖАРЫМ АРАЛЫ – Крым жарым аралынын чы­гыш бөлүгү. Түндүгүнөн Азов, түштүгүнөн Кара деңиздери, чыгышынан Керчь кысыгы м-н чул­ганат. Аянты 3 миң км2. Түндүк-чыгышы дөбө­-дөңсөөлүү (бийиктиги 190 мге чейин), түштүк-баты­шы түзөң. Баткак жанартоолору, Керчь темир бассейни бар. Ири шаары ж-а порту – Керчь. Көп бөлүгү айдоо, анда дан, техникалык ж-а бакча өсүмдүктөрү, жүзүм өстүрүлөт. Жарым аралды б. з. ч. 5-кылымдан б. з-дын 4-кылымына чейин Боспор мам­лекети ээлеген.