КОЙ ТИКЕН
КОЙ ТИКЕН (Acanthophyllum) – өсүмдүктөрдүн чеге гүлдүүлөр тукумунун уруусу. Бадал, кээси көп жылдык чөп, жалбырагы тикендей, шибегедей учтуу, сабагына тушташ жайгашкан. Гүлү майда, желекчеси 5, аталыгы 10, энелиги 1. Топ гүлү – калканчадай же шыпыргыдай. Мөмөсү – кутуча. Түркмөнстанда ж-а Батыш Памирде бездүү кой тикен кездешет. Кыргызстанда 5 түрү өсөт. Тамырындагы сапонин тамак-аш ж-а жеңил өнор жайында жуугуч каражат катары пайдаланылат. Кыргызстанда өскөн кадимки ж-а шыпыргыдай кой тикен – көп жылдык камгак чөп. Шыпыргыдай кой тикен сапониндүү, тамырынан самын алынат. Көп түрү –балдуу өсүмдүктөр.