КОЙ ТИКЕН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЙ ТИКЕН (Acanthophyllum) – өсүмдүктөрдүн чеге гүлдүүлөр тукумунун уруусу. Бадал, кээси көп жылдык чөп, жалбырагы тикендей, шибе­гедей учтуу, сабагына тушташ жайгашкан. Гүлү майда, желекчеси 5, аталыгы 10, энелиги 1. Топ гүлү – калканчадай же шыпыргыдай. Мөмөсү – кутуча. Түркмөнстанда ж-а Батыш Памирде без­дүү кой тикен кездешет. Кыргызстанда 5 түрү өсөт. Тамы­рындагы сапонин тамак-аш ж-а жеңил өнор жайында жуугуч каражат катары пайдаланылат. Кыргызстан­да өскөн кадимки ж-а шыпыргыдай кой тикен – көп жылдык камгак чөп. Шыпыргыдай кой тикен сапо­ниндүү, тамырынан самын алынат. Көп түрү –балдуу өсүмдүктөр.