КОЁНДОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:14, 24 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЁНДОР ж а п а й ы (Leporidae) – коён сымал­дар түркүмүнүн тукуму. Коендордун 10 уруусу, 50дөй түрү бар: ак, чоң боз, манжур ж-а кадимки коендор ж. б. Бардык коендордун алдынкы буту кыска, арткы буту узун, секирип чуркоого абдан ың­гайлуу. Кулагы узун, куйругу кыска, жүнү жум­шак, коюу. Ак коён ири, дене уз. 44–74 см, сал-

Коёндор: 1 – ак коён; 2 – боз коён.

магы 3–4,8 кг, жайында күрөң же көгүш түстө, кышкысын аппак, кулактарынын учтары жай­дыр-кыштыр кара. Тундра, токой ж-а токой­ талаалуу зоналарга таралган. Чоң боз коён ак коёндон чоңураак, салмагы 4–7 кгга жетет.
Кышкысын бир аз көгүш болуп өзгөрөт, жону кара. Көбүнчө токой-талаалуу, ачык талаа ж-а кургак талааларды мекендейт. КМШ өлкөлөрү­нүн Европа бөлүгүндө таралган. К а д и м к и к о ё н Борбордук Азия, Казакстан ж-а Байкалдын чыгыш жагындагы чөлдүү, жарым чөлдүү жер­лерге таралган. Дене узундугу 38– 53 см, салмагы 2–2,5 кг. Кыргызстанда бийик тоолуу өрөөндөрдө (Соң- Көл, Чатыр-Көл) бар. М а н ж у р коёну кичи­не, салмагы 2 кгга жетет, буту, кулагы кыска,өңү саргыч көк. Ыраакы Чыгыштын жалбырактуу токойлорунда жашайт. Коендор 45–51 күн көтөрүп, 2–12 бөжөк тууйт. Бир жайда 2–3 жолу төл­дөйт. Териси ж-а эти үчүн аңчылык кылынат.
Өзгөчө ак коён м-н чоң боз коёндун кышкы тери­си баалуу; андан түлкү, суу күзөндүн терилери­не окшош арзан, жылуу мехтер жасалат. Кар калың түшкөндө коендор бакка, токой өсүмдүктөрүнө чоң зыян келтириши мүмкүн. Б а к м а к о ё н­ д у н породалары жапайы коёндон келип чыккан. Бакма коён төлчүл келип, жыл бою төл­дөйт, бир төлдөгөндө 18ге чейин бөжөк тууйт.
Негизинен 1–1,5 жашында жетилет, 7–10 жыл жашайт. Негизги тоюту – көк чөп, тамыры тоют өсүмдүктөр, сабиз, капуста, жем ж. б. Андан эт, тери, тыбыт ж. б. алынат.