КОЁНДОР
КОЁНДОР ж а п а й ы (Leporidae) – коён сымалдар түркүмүнүн тукуму. Коендордун 10 уруусу, 50дөй түрү бар: ак, чоң боз, манжур ж-а кадимки коендор ж. б. Бардык коендордун алдынкы буту кыска, арткы буту узун, секирип чуркоого абдан ыңгайлуу. Кулагы узун, куйругу кыска, жүнү жумшак, коюу. Ак коён ири, дене уз. 44–74 см, сал-

магы 3–4,8 кг, жайында күрөң же көгүш түстө, кышкысын аппак, кулактарынын учтары жайдыр-кыштыр кара. Тундра, токой ж-а токой талаалуу зоналарга таралган. Чоң боз коён ак коёндон чоңураак, салмагы 4–7 кгга жетет.
Кышкысын бир аз көгүш болуп өзгөрөт, жону кара. Көбүнчө токой-талаалуу, ачык талаа ж-а кургак талааларды мекендейт. КМШ өлкөлөрүнүн Европа бөлүгүндө таралган. К а д и м к и к о ё н Борбордук Азия, Казакстан ж-а Байкалдын чыгыш жагындагы чөлдүү, жарым чөлдүү жерлерге таралган. Дене узундугу 38– 53 см, салмагы 2–2,5 кг. Кыргызстанда бийик тоолуу өрөөндөрдө (Соң- Көл, Чатыр-Көл) бар. М а н ж у р коёну кичине, салмагы 2 кгга жетет, буту, кулагы кыска,өңү саргыч көк. Ыраакы Чыгыштын жалбырактуу токойлорунда жашайт. Коендор 45–51 күн көтөрүп, 2–12 бөжөк тууйт. Бир жайда 2–3 жолу төлдөйт. Териси ж-а эти үчүн аңчылык кылынат.
Өзгөчө ак коён м-н чоң боз коёндун кышкы териси баалуу; андан түлкү, суу күзөндүн терилерине окшош арзан, жылуу мехтер жасалат. Кар калың түшкөндө коендор бакка, токой өсүмдүктөрүнө чоң зыян келтириши мүмкүн. Б а к м а к о ё н д у н породалары жапайы коёндон келип чыккан. Бакма коён төлчүл келип, жыл бою төлдөйт, бир төлдөгөндө 18ге чейин бөжөк тууйт.
Негизинен 1–1,5 жашында жетилет, 7–10 жыл
жашайт. Негизги тоюту – көк чөп, тамыры тоют өсүмдүктөр, сабиз, капуста, жем ж. б. Андан эт, тери, тыбыт ж. б. алынат.