«КИМ УЧТУ»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:14, 23 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«КИМ УЧТУ» , «к а р г а у ч т у» – жаштардын тамаша оюну.

Топтун башчысы четке чыгып, көзүнө көрүнгөн нерсени («учту, учту, карга учту» же «учту, учту, карагай учту» ж. б.) айта берет. Оюнчулар канаттуу айтылса, ылдам кол көтө­рүш керек, учпоочу айтылса кол көтөрбөйт. Жаңылгандар ырдап, бийлеп, элди күлдүрүүчү кызыктуу окуяны айтып берип, жазасын тартат. Оюн адамды ыкчам ой жүгүртүүгө, түшүнүү­гө ж-а жооп берүүгө, тапкычтыкка көнүктүрөт.