«КИМ УЧТУ»
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
«КИМ УЧТУ» , «к а р г а у ч т у» – жаштардын тамаша оюну.

Топтун башчысы четке чыгып, көзүнө көрүнгөн нерсени («учту, учту, карга учту» же «учту, учту, карагай учту» ж. б.) айта берет. Оюнчулар канаттуу айтылса, ылдам кол көтөрүш керек, учпоочу айтылса кол көтөрбөйт. Жаңылгандар ырдап, бийлеп, элди күлдүрүүчү кызыктуу окуяны айтып берип, жазасын тартат. Оюн адамды ыкчам ой жүгүртүүгө, түшүнүүгө ж-а жооп берүүгө, тапкычтыкка көнүктүрөт.