КЕҢДИК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:17, 23 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕҢДИК – Жердин, Күндүн, Айдын, планета­лардын бетиндеги ж-а асман чөйрөсүндөгү че­киттин абалын экваторго салыштырмалуу (эк­липтика) аныктоочу географиялык координаталардын бири. Төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт: aстрономиялык кеңдик – берилген чекиттен өтүүчү тик сызык м-н Жер экваторунун тегиздигинин аралыгындагы бурч; геодезиялык кеңдик – референц-эллипсоид бети м-н жер эк­ваторунун тегиздигинин аралыгындагы бурч, карталарга жазылат. Астрономиялык кеңдик асман телолорун, ал эми геодезиялык кеңдик геодезиялык өлчөөлөрдү (мисалы, триангу­ляция) жүргүзүү м-н аныкталат. Экватордон түндүктү ж-а түштүктү карай 0°тан 90°ка чейин эсептелинет. Ошондой эле к. Географиялык координа­талар, Асман координаталары.