КЕҢДИК
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЕҢДИК – Жердин, Күндүн, Айдын, планеталардын бетиндеги ж-а асман чөйрөсүндөгү чекиттин абалын экваторго салыштырмалуу (эклиптика) аныктоочу географиялык координаталардын бири. Төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт: aстрономиялык кеңдик – берилген чекиттен өтүүчү тик сызык м-н Жер экваторунун тегиздигинин аралыгындагы бурч; геодезиялык кеңдик – референц-эллипсоид бети м-н жер экваторунун тегиздигинин аралыгындагы бурч, карталарга жазылат. Астрономиялык кеңдик асман телолорун, ал эми геодезиялык кеңдик геодезиялык өлчөөлөрдү (мисалы, триангуляция) жүргүзүү м-н аныкталат. Экватордон түндүктү ж-а түштүктү карай 0°тан 90°ка чейин эсептелинет. Ошондой эле к. Географиялык координаталар, Асман координаталары.