КЕРЕКТӨӨЛӨР
КЕРЕКТӨӨЛӨР – организмдин иштөөсүн, адамдын керт башын, социалдык топту, бүтүндөй коомду колдоо үчүн зарыл болгон кандайдыр бир нерсеге муктаждык же кемчилик; активдүүлүктү ичтен козгогуч. Керектөөлөр физиологиялык (тамакка, кийимге, жылуулукка, коопсуздукка керектөөлөр), социалдык (сүйүүгө, достукка, мамилеге керектөөлөр), интеллектуалдык (билимге, өзүн өзү аңдап-түшүнүүгө керектөөлөр) болушу мүмкүн. Эгер адам кандайдыр бир керектөөсүн канааттандыра албаса, ал аны алмаштырат же өз таламын азайтат. Керектөөлөр рынок шартында өзгөрүүгө дуушар болууда.