КЕРЕКТӨӨЛӨР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕРЕКТӨӨЛӨР – организмдин иштөөсүн, адам­дын керт башын, социалдык топту, бүтүндөй коомду колдоо үчүн зарыл болгон кандайдыр бир нерсеге муктаждык же кемчилик; активдүүлүктү ичтен козгогуч. Керектөөлөр физиологиялык (тамакка, кийимге, жылуулукка, коопсуздукка керектөөлөр), социалдык (сүйүүгө, достукка, мамилеге керектөөлөр), интеллекту­алдык (билимге, өзүн өзү аңдап-түшүнүүгө керектөөлөр) болушу мүмкүн. Эгер адам кандайдыр бир ке­ректөөсүн канааттандыра албаса, ал аны алмаш­тырат же өз таламын азайтат. Керектөөлөр рынок шар­тында өзгөрүүгө дуушар болууда.