КВАДРАНТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:20, 22 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Жакут (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КВАДРА́НТ (лат. quadrans – төртүнчү бөлүк) – 1) тегиздикте өз ара перпендикуляр эки коорди­ната огу түзгөн төрт тик бурчтуктун бири. Квадрант саат жебесинин кыймылына каршы багытта номурланат. Координата окторунун оң багыт­тары м-н чектелген тик бурчтук – биринчи квадрант деп эсептелет. Айрым учурда биринчи, экин­чи, үчүнчү, төртүнчү квадрант ж-а координаталык бурч же чейрек деп да айтылат; 2) тегеректин квадранты – 90°тук бурчту түзгөн радиустар бөлүп турган же борбордук бурчу 90° болгон сектор, башкача айтканда тегеректин бөлүгү.