КВАДРАНТ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КВАДРА́НТ (лат. quadrans – төртүнчү бөлүк) – 1) тегиздикте өз ара перпендикуляр эки координата огу түзгөн төрт тик бурчтуктун бири. Квадрант саат жебесинин кыймылына каршы багытта номурланат. Координата окторунун оң багыттары м-н чектелген тик бурчтук – биринчи квадрант деп эсептелет. Айрым учурда биринчи, экинчи, үчүнчү, төртүнчү квадрант ж-а координаталык бурч же чейрек деп да айтылат; 2) тегеректин квадранты – 90°тук бурчту түзгөн радиустар бөлүп турган же борбордук бурчу 90° болгон сектор, башкача айтканда тегеректин бөлүгү.