КОЛ КҮРӨШ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:14, 21 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЛ КҮРӨШ , а р м р е с л и н г – жигиттердин күч сынашкан оюну. Эки жигит ортосуна такта коюп, маңдай-тескей экөө бирдей сыңар тизе­леп олтурушат да, оң колдорун бармакташа бе­кем кармашып, ар кимиси атаандашынын ко­лун чалкалата кыйшайтып барып жыгууга ара­кеттенет. Сол колдору м-н сол жаккы жоон сан­дарын таянышат. Оюнчулар тең тайлаш болуп калса, сол колдорун күрөштүрөт. Оюнду тартип боюнча алып баруу үчүн калыс киши дайындалат. Бул оюн айрым жерлерде билек сынамай деп да айтылат. АКШ ж-а Европа өлкөлөрүндө кол куроштүн өнүккөн түрү «армреслинг» деп аталып, спорттун түрүнө кирет.