КОЛ КҮРӨШ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОЛ КҮРӨШ , а р м р е с л и н г – жигиттердин күч сынашкан оюну. Эки жигит ортосуна такта коюп, маңдай-тескей экөө бирдей сыңар тизелеп олтурушат да, оң колдорун бармакташа бекем кармашып, ар кимиси атаандашынын колун чалкалата кыйшайтып барып жыгууга аракеттенет. Сол колдору м-н сол жаккы жоон сандарын таянышат. Оюнчулар тең тайлаш болуп калса, сол колдорун күрөштүрөт. Оюнду тартип боюнча алып баруу үчүн калыс киши дайындалат. Бул оюн айрым жерлерде билек сынамай деп да айтылат. АКШ ж-а Европа өлкөлөрүндө кол куроштүн өнүккөн түрү «армреслинг» деп аталып, спорттун түрүнө кирет.