КЫРГЫЗ КАЧКЫНДАРЫН ЖАЙГАШТЫРУУ БОЮНЧА АТАЙЫН КОМИССИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗ КАЧКЫНДАРЫН ЖАЙГАШТЫРУУ БОЮНЧА АТАЙЫН КОМИ́ССИЯ – 1916-ж. Кытайга качкан кыргыздарды (к. Үркүн) өз же­рине кайтарып, аларды жайгаштыруу максатын­да 1918-жылдары Жети-Суу обл-нда уюштурул­ган комиссия. Анын төрагалыгына Т. Жанузаков дайындалган. Комиссия качкындарды өз жерине кайтаруу үчүн Кытай мамлекети м-н сүйлө­шүү жүргүзүп, элине кайткандарга үй-жайын, чар­басын калыбына келтирүүгө көмөктөшүп, жер бөлүп берип, мал, акча, үрөн ж. б. м-н камсыз кылган. Ал 1927-жылдын аягында жоюлган.