КЫРГЫЗ КАЧКЫНДАРЫН ЖАЙГАШТЫРУУ БОЮНЧА АТАЙЫН КОМИССИЯ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЫРГЫЗ КАЧКЫНДАРЫН ЖАЙГАШТЫРУУ БОЮНЧА АТАЙЫН КОМИ́ССИЯ – 1916-ж. Кытайга качкан кыргыздарды (к. Үркүн) өз жерине кайтарып, аларды жайгаштыруу максатында 1918-жылдары Жети-Суу обл-нда уюштурулган комиссия. Анын төрагалыгына Т. Жанузаков дайындалган. Комиссия качкындарды өз жерине кайтаруу үчүн Кытай мамлекети м-н сүйлөшүү жүргүзүп, элине кайткандарга үй-жайын, чарбасын калыбына келтирүүгө көмөктөшүп, жер бөлүп берип, мал, акча, үрөн ж. б. м-н камсыз кылган. Ал 1927-жылдын аягында жоюлган.