КЫРГЫЗДАРДЫН БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК БИРИНЧИ КУРУЛТАЙЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗДАРДЫН БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК БИРИНЧИ КУРУЛТАЙЫ – дүйнө жүзүндө жашаган кыргыздардын өкүлдөрү катышкан жалпы жыйын. Курултай 1992-ж. 29–31-августта Бишкек ш-нда өткөн. Ага дүйнөнүн дээрлик бардык континенттериндеги Кытай (Канат Абдубакир), Түркия (Арип, Рахманкул, Токтосун ажы Сы­дык уулу), Сауд Арабиясы (Амит ажы Мырзах­мат уулу, Абдурахим Абдрахман), Афганстан, Тажикстан, Өзбекстан, Америка (Сыдык Ал­даш), Нигерия (Кемелбаев Нургазы), Австралия (Азиз Абдукар), Европа өлкөлөрү (Франциядан Ожурова Турсун) ж. б. мамлекеттерде жашаган кыргыздар келишкен. Курултайда эгемендүүлүк­түн алгачкы жылдарында Кырг-ндын экон. Оор абалы ж-а андан чыгуу, улуттук кайра жара­луу, көз каранды эместикти бекемдөө, саясий туруктуулук, маданий деңгээлди көтөрүү ж. б. маселелер каралган.

Э. Турганбаев.