КЫРГЫЗДАРДЫН БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК БИРИНЧИ КУРУЛТАЙЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗДАРДЫН БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК БИРИНЧИ КУРУЛТАЙЫ – дүйнө жүзүндө жашаган кыргыздардын өкүлдөрү катышкан жалпы жыйын. Курултай 1992-жылы 29–31-августта Бишкек шаарында өткөн. Ага дүйнөнүн дээрлик бардык континенттериндеги Кытай (Канат Абдубакир), Түркия (Арип, Рахманкул, Токтосун ажы Сы­дык уулу), Сауд Арабиясы (Амит ажы Мырзах­мат уулу, Абдурахим Абдрахман), Афганстан, Тажикстан, Өзбекстан, Америка (Сыдык Ал­даш), Нигерия (Кемелбаев Нургазы), Австралия (Азиз Абдукар), Европа өлкөлөрү (Франциядан Ожурова Турсун) жана башка мамлекеттерде жашаган кыргыздар келишкен. Курултайда эгемендүүлүк­түн алгачкы жылдарында Кыргызстандын экономикалык оор абалы жана андан чыгуу, улуттук кайра жара­луу, көз каранды эместикти бекемдөө, саясий туруктуулук, маданий деңгээлди көтөрүү жана башка маселелер каралган.

Э. Турганбаев.