КЫРГООЛ
КЫРГООЛ (Phasianus) – кыргоолдор тукумундагы куштар уруусу. Дене уз. 85 смге жетет. Корозу кооз түстө, канаты жалтырак, бостеги саргыч боз. Канаты кыска, жазы; алыс уча албайт,

куйругу узун. Корозу бостегинен чоң, текөөрү бар. Башы көк жашыл, ак мойноктуу. К. Европада, Борб. Азияда таралган. Суу жээктеринде, бадалдуу токой, камыш арасында, күз, кыш мезгилинде топтошуп жашайт. Жерге уялап, 8–12 жумуртка тууйт. Жумурткасын 24–25 күндө бостеги басып чыгарат. Өсүмдүк уругу, мөмөсү, бүрү, майда омурткасыздар ж. б. м-н азыктанат. Кырг-нда 2 түрү жашайт.