КЫРГООЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГООЛ (Phasianus) – кыргоолдор тукумундагы куштар уруусу. Дене уз. 85 смге жетет. Корозу кооз түстө, канаты жалтырак, бостеги саргыч боз. Канаты кыска, жазы; алыс уча албайт,

куйругу узун. Корозу бостегинен чоң, текөөрү бар. Башы көк жашыл, ак мойноктуу. К. Европада, Борб. Азияда таралган. Суу жээк­теринде, бадалдуу токой, камыш арасында, күз, кыш мезгилинде топтошуп жашайт. Жерге уялап, 8–12 жумуртка тууйт. Жумурткасын 24–25 күндө бостеги басып чыгарат. Өсүмдүк уругу, мөмөсү, бүрү, майда омурткасыздар ж. б. м-н азыктанат. Кырг-нда 2 түрү жашайт.