КЫРГАК
КЫРГАК – жээк, бир нерсенин жээгине тартылуучу кооздолуп жасалган тасма; элечек, шөкүлөж-а кеп такыянын сырткы курчоосу. Ар кыл эндүүлүктө кездемеден саймаланып, асемделет. К-ка алтын, күмүш, акак таштар чөгөрүлүп, элечекти кооздоо м-н анын жанып, чубалып кетишинен да сактайт. Ал асемделишине ж-а жердигине жараша алтын К., күмүш К., сайма К., оймо К., бермет же шуру К., жибек К., кымкап К. деп аталат. К-тын этегинде майда желбирөөчтөр болот.