КЫРГАК
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЫРГАК – жээк, бир нерсенин жээгине тартылуучу кооздолуп жасалган тасма; элечек, шөкүлө жана кеп такыянын сырткы курчоосу. Ар кыл эндүүлүктө кездемеден саймаланып, асемделет. Кыргакка алтын, күмүш, акак таштар чөгөрүлүп, элечекти кооздоо менен анын жанып, чубалып кетишинен да сактайт. Ал асемделишине жана жердигине жараша алтын кыргак, күмүш кыргак, сайма кыргак, оймо кыргак, бермет же шуру кыргак, жибек кыргак, кымкап кыргак деп аталат. Кыргактын этегинде майда желбирөөчтөр болот.