КЫПЧАК ТИЛИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫПЧАК ТИЛИ – куман, кыпчактардын тили. 10-к-дын орто ченинде Чыгыш Европада пайда болуп, чыгыш м-н батыштын аймактарына (Кара деңиз боюндагы талаалар, кийин Крым ж-а Балкан ж. а-нын бир бөлүгү) кеңири тара­ган. Түрк тилдеринин кыпчак тобунун кыпчак­половец топчосуна кирет. Огуз лексикасынан кирген сөздөр кездешет. Моңгол дооруна (11-к.– 13-к-дын 1-жарымы) чейинки куман же кыпчак тили ж-дөгү маалымат Махмуд Кашгари­нин «Дивану лугат-ит-түрк» аттуу эмгегинде берилген. Бул тилдин моңгол доорунан (13-к. –16-к-дын 2-жарымы) кийинки жазма даректе ри көбүрөөк белгилүү. 1828-ж. Г.-М. Клапрот басып чыгарган латын-фарсы-куман сөздүгү бар.