КЫПЧАК ТИЛИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫПЧАК ТИЛИ – куман, кыпчактардын тили. 10-кылымдын орто ченинде Чыгыш Европада пайда болуп, чыгыш менен батыштын аймактарына (Кара деңиз боюндагы талаалар, кийин Крым ж-а Балкан жарым аралынын бир бөлүгү) кеңири тара­ган. Түрк тилдеринин кыпчак тобунун кыпчак­половец топчосуна кирет. Огуз лексикасынан кирген сөздөр кездешет. Моңгол дооруна (11-кылымдын– 13-кылымдын 1-жарымы) чейинки куман же кыпчак тили жөнүндөгү маалымат Махмуд Кашгари­нин «Дивану лугат-ит-түрк» аттуу эмгегинде берилген. Бул тилдин моңгол доорунан (13-кылым –16-кылымдын 2-жарымы) кийинки жазма даректери көбүрөөк белгилүү. 1828-жылы Г.-М. Клапрот басып чыгарган латын-фарсы-куман сөздүгү бар.