КЫПЧАК КЫРГЫНЫ 1
КЫПЧАК КЫРГЫНЫ (Борб. Азияда) – 630–640-ж. Түн. Моңголияда түзүлгөн Кыпчак (Сйеяньто, Сыр-Тардуш) хандыгынын (к. Кыпчактар) кыйрашына байланыштуу окуя. Ильтэр тукуму башкарган бул хандык Алтай, Хинган, Гоби, Керөлөң ж-а түндүктөгү Енисей кыргыздарын да убактылуу багындырган. Башчысы Инанчу-иркин өзүн Йенчу Билге (Бицзя) каган деп жарыялап, Кытай императорунун кызына үйлөнүү үчүн элчи жиберген. Император андан баш тарткан ж-а түн. кыпчак-кытай чек арасын бекемдеген. Ага жооп кылган кыпчактар 641-ж. Кытайга кол салып, салгылашта Билге каган өлүп, кичүү уулу Бачжо бийликке келет. Ал атасынын саясатын улантып, айланасындагы огуз урууларына катуу кысым жасаган. Натыйжада кыпчактарга каршы тогузогуздардын союзу түзүлгөн. 646-ж. июнда тан аскеринин жардамы м-н улуу даражалуу элтебер Тимуду жетектеген уйгур, байегу, тунло, пугу уруулары кыпчактарды талкалаган. Бачжо колго түшүп өлтүрүлүп, анын уруусу толук кырылган. Кыпчактардын мамлекети жашоосун токтотуп, көбү (50–60 миң) Кытайга айдалып, бир бөлүгү казакка, калганы кыргызга тарап кеткен.
Ад.: Кюнер Н. В. Китайские известия о народах Южной Сибири, Центральной Азии и Дальнего Востока. М., 1960; Кляшторный С. Г., Султанов Т. И. Казахстан: летопись трех тысячелетий. А., 1992;
Бернштам А. Н. Избранные труды по археологии и истории кыргызов и Кыргызстана (в 2-х томах). Б., 1998; Бичурин Н. Я. (Иакинф). Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. Т. 1. А., 1998; Хрестоматия по древней и средневековой истории Кыргызстана / Сост. Т. Д. Джуманалиев. Т. 1. Б., 2007; Балыкооздун санжырасы. Б., 2009.
Э. Турганбаев.