КЫПЧАК КЫРГЫНЫ 1

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫПЧАК КЫРГЫНЫ (Борб. Азияда) – 630–640-ж. Түн. Моңголияда түзүлгөн Кыпчак (Сйеяньто, Сыр-Тардуш) хандыгынын (к. Кып­чактар) кыйрашына байланыштуу окуя. Ильтэр тукуму башкарган бул хандык Алтай, Хинган, Гоби, Керөлөң ж-а түндүктөгү Енисей кыр­гыздарын да убактылуу багындырган. Башчысы Инанчу-иркин өзүн Йенчу Билге (Бицзя) каган деп жарыялап, Кытай императорунун кызына үйлөнүү үчүн элчи жиберген. Император андан баш тарткан ж-а түн. кыпчак-кытай чек арасын бекемдеген. Ага жооп кылган кыпчактар 641-ж. Кытайга кол салып, салгылашта Билге каган өлүп, кичүү уулу Бачжо бийликке келет. Ал атасынын саясатын улантып, айла­насындагы огуз урууларына катуу кысым жа­саган. Натыйжада кыпчактарга каршы тогуз­огуздардын союзу түзүлгөн. 646-ж. июнда тан аскеринин жардамы м-н улуу даражалуу элте­бер Тимуду жетектеген уйгур, байегу, тунло, пугу уруулары кыпчактарды талкалаган. Бачжо колго түшүп өлтүрүлүп, анын уруусу толук кырылган. Кыпчактардын мамлекети жашоосун токтотуп, көбү (50–60 миң) Кытайга айдалып, бир бөлүгү казакка, калганы кыргызга тарап кеткен.


Ад.: Кюнер Н. В. Китайские известия о народах Южной Сибири, Центральной Азии и Дальнего Востока. М., 1960; Кляшторный С. Г., Султанов Т. И. Казахстан: летопись трех тысячелетий. А., 1992; Бернштам А. Н. Избранные труды по археологии и истории кыргызов и Кыргызстана (в 2-х томах). Б., 1998; Бичурин Н. Я. (Иакинф). Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. Т. 1. А., 1998; Хрестоматия по древней и средневе­ковой истории Кыргызстана / Сост. Т. Д. Джумана­лиев. Т. 1. Б., 2007; Балыкооздун санжырасы. Б., 2009.

Э. Турганбаев.