КЫЗЫЛЧА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗЫЛЧА (Beta L.) – шакардуулар тукумундагы эки жылдык өсүмдүк уруусу. Жапайы К-нын 15тей түрү Батыш Европа, Батыш Азия, Жер Ортолук деңиз боюнда, Индияда кездешет. Эгилме К. кадимки галофит К-сынан таралган.
Ал б. з. ч. 1,5–2 миң жыл мурда Ассирия, Вавилония, Иран, Арменияда жашылча, дары­дармек өсүмдүгү катары өстүрүлгөн. Кадимки К-нын 1-жылы азык-тамыры ж-а топтошкон жөнөкөй ири жалбырактары чыгат. 2-жылы гүлдөп, урук байлайт. Гүлү эки жыныстуу, жа­шыл же агыш. Курт-кумурска ж-а шамал ар­кылуу кайчылаш чаңдашат. Бүчүр сымал мөмөсү 2–6дан биригип өсүп, ичинде уруктары болот.
Эгилме К-нын түрчөлөрү: жалбырагы жашылча катары пайдаланылуучу жалбырак К. же мангольд К-сы ж-а кадимки азык тамыр К. (аш кызылчасы, кант кызылчасы, тоют кызылчасы). К-нын үрөндук уругун өстүрүүнүн 2 жолу бар; 1) кайра отургузуу жолу. К-нын биринчи жылкы майда азык тамырын күзүндө казып алып, талаанын четиндеги аңга көөмп сактайт. Жазында иргеп, талаага отургузулат да, уругу алынат; 2) «түз», б. а. кайра отургузбастан түшүм алуу жолу. Мында жайында, күзүндө талаага К-нын уругу себилет. К. өсүп чыгып, 5–8 жуп жалбырак байлап, кыш келгенде өсүшүн ток­тотот. Кийинки жылы талаадагы өсүмдүк кайра жанданып, гүлдөй турган сабагы өсүп чыгып, урук берет. Мында продукциянын өз наркы төмөн болуп, а. ч. жумуштарын механикалаштырууга ыңгайлуу келет. Бул ыкма кышы жумшак зонада (Кырг-ндын Чүй өрөөнү) колдонууга ылайыктуу.