КЫЗЫЛЧА
КЫЗЫЛЧА (Beta L.) – шакардуулар тукумундагы эки жылдык өсүмдүк уруусу. Жапайы кызылчанын 15тей түрү Батыш Европа, Батыш Азия, Жер Ортолук деңиз боюнда, Индияда кездешет. Эгилме кызылча кадимки галофит кызылчасынан таралган.
Ал б. з. ч. 1,5–2 миң жыл мурда Ассирия, Вавилония, Иран, Арменияда жашылча, дары-дармек өсүмдүгү катары өстүрүлгөн. Кадимки кызылчанын 1-жылы азык-тамыры ж-а топтошкон жөнөкөй ири жалбырактары чыгат. 2-жылы гүлдөп, урук байлайт. Гүлү эки жыныстуу, жашыл же агыш. Курт-кумурска ж-а шамал аркылуу кайчылаш чаңдашат. Бүчүр сымал мөмөсү 2–6дан биригип өсүп, ичинде уруктары болот. Эгилме кызылчанын түрчөлөрү: жалбырагы жашылча катары пайдаланылуучу жалбырактуу кызылчв. же мангольд кызыласы ж-а кадимки азык тамырлу кызылча (аш кызылчасы, кант кызылчасы, тоют кызылчасы). Кызылчанын үрөндук уругун өстүрүүнүн 2 жолу бар; 1) кайра отургузуу жолу. Кызылчанын биринчи жылкы майда азык тамырын күзүндө казып алып, талаанын четиндеги аңга көөмп сактайт. Жазында иргеп, талаага отургузулат да, уругу алынат; 2) «түз», башкача айтканда, кайра отургузбастан эле түшүм алуу жолу. Мында жайында, күзүндө талаага кызылчанын уругу себилет. Кызылча өсүп чыгып, 5–8 жуп жалбырак байлап, кыш келгенде өсүшүн токтотот. Кийинки жылы талаадагы өсүмдүк кайра жанданып, гүлдөй турган сабагы өсүп чыгып, урук берет. Мында продукциянын өз наркы төмөн болуп, айыл чарба жумуштарын механикалаштырууга ыңгайлуу келет. Бул ыкма кышы жумшак зонада (Кыргызстандын Чүй өрөөнү) колдонууга ылайыктуу.