КЫЗЫЛ ТҮСТҮҮ ЧӨКМӨЛӨР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗЫЛ ТҮСТҮҮ ЧӨКМӨЛӨР – негизинен чопо, алевролит, кумдук, конгломерат тектеринен турган кызгылтым күрөң түстөгү чөкмө тектер. Арасында акиташ, гипс кабаттары жолугат. Өңү темир оксидине байланыштуу. Кызгылтым түс гипс м-н карбонат кургакчылыкта пайда бол­гонун билгизет. Кээде жашыл, көгүш, бозомук түрлөрү да кездешет. Буларды жер астындагы суулардын таасиринен келип чыккан деп бол­жолдошот. Карбонаттуу ж-а карбонатсыз болуп бөлүнөт. Карбонаттууда карбонат минералдары көптүк кылат. Карбонатсызда карбонаттар 10%тен ашпайт. Көбүнчө тоо этегиндеги аллювий түздүгүнөн, тоо арасындагы ойдуңдан, өзөн­дөн, нуктан, кашаттан, дельтадан, көлдөн, ла­гунадан, деңиз жээктеринен, тоо капталдарынан орун алат. Пайда болушу бардык мез­гилдерге туура келет. Кембрий, девон, пермь, триас, бор, палеоген, неоген мезгилдеринде кеңири тараган. Кырг-нда рифей (кызыл бел свитасы), девон (түлкү башы свитасы), карбон (дүң­гүрөмө свитасы) мезгилдеринде кездешет. Палеоген-неоген катмарларында гипс, туз, жез, уран, ванадий, целестин, флюорит, темир, мар­ганец, боксит, нефть кендеринин ири запаста­ры жолугат.


Ад.: Сочава А. В. Красноцветы мела Средней Азии. М., 1968; Анатольева А. Н. Домезозойские красно­цветные формации. Новосиб., 1972.