КЫЗЫЛ ТҮСТҮҮ ЧӨКМӨЛӨР
КЫЗЫЛ ТҮСТҮҮ ЧӨКМӨЛӨР – негизинен чопо, алевролит, кумдук, конгломерат тектеринен турган кызгылтым күрөң түстөгү чөкмө тектер. Арасында акиташ, гипс кабаттары жолугат. Өңү темир оксидине байланыштуу. Кызгылтым түс гипс м-н карбонат кургакчылыкта пайда болгонун билгизет. Кээде жашыл, көгүш, бозомук түрлөрү да кездешет. Буларды жер астындагы суулардын таасиринен келип чыккан деп болжолдошот. Карбонаттуу ж-а карбонатсыз болуп бөлүнөт. Карбонаттууда карбонат минералдары көптүк кылат. Карбонатсызда карбонаттар 10%тен ашпайт. Көбүнчө тоо этегиндеги аллювий түздүгүнөн, тоо арасындагы ойдуңдан, өзөндөн, нуктан, кашаттан, дельтадан, көлдөн, лагунадан, деңиз жээктеринен, тоо капталдарынан орун алат. Пайда болушу бардык мезгилдерге туура келет. Кембрий, девон, пермь, триас, бор, палеоген, неоген мезгилдеринде кеңири тараган. Кырг-нда рифей (кызыл бел свитасы), девон (түлкү башы свитасы), карбон (дүңгүрөмө свитасы) мезгилдеринде кездешет. Палеоген-неоген катмарларында гипс, туз, жез, уран, ванадий, целестин, флюорит, темир, марганец, боксит, нефть кендеринин ири запастары жолугат.
Ад.: Сочава А. В. Красноцветы мела Средней Азии. М., 1968; Анатольева А. Н. Домезозойские красноцветные формации. Новосиб., 1972.